Биз менен байланышыңыз

Кесипкөй, билимдүү жаштарды бириктирген «Инновация» кыймылы түзүлдү

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өз кесибин мыкты билген, билимдүү жаштарды бириктирген “Инновация” кыймылын түздү.

Кыймылдын негизги миссиясы тажрыйбалуу, мекенчил жаштарды бириктирүү менен мамлекеттин өнугүүсүнө багыт берүү. Айдарбековдун айтымында приоритеттүү максаттары катары аталган кыймыл жашыл органикалык экономика, аймактарда билим берүүнү өнүктрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү иштерин аткарат.

“Биз кеңири программаларды иштеп чыктык. Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистер менен команда түзүп жатабыз. Ошондой эле ыктыярчыларды чакырабыз. Баары менен иштөөгө даярбыз. Өлкөнү сактап андан ары өнүктүрүү — биздин негизги максат” – дейт Чыңгыз Айдарбеков.

Copyright © 2017 Maral FM