Биз менен байланышыңыз

УКМК: Гүлбара Калиеванын коррупцияга тиешеси бар экенине далил бар

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 956 | 0

УКМК — Камчыбек Ташиевдин 24-декабрдагы Жогорку соттун жана Соттор кеңеши боюнча маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. “Сотко чейинки процесстин алкагында Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиеванын кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер алынды” — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу, тергөө органдары Башкы прокуратурага Жогорку Соттун төрайымы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчүн келтиришти. Башкы прокуратура тарабынан жана Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу менен Г.Калиева УКМКнын башчысы билдиргендей, иштин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартыларын маалымдады.

«Мамлекеттик бийликтин сот бутагынын өкүлдөрү болгон Жогорку Соттун жана Соттор кеңешинин өзүлөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Ал эми Конституцияга ылайык, өлкөдө бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей» – деп айтылат комитеттин билдрүүсүндө.

Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрдагы маалымат жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган. Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилгени айтылган. Кийинчерээк, Калиева анын билдирүүсүн төгүндөгөн билдирүү тараткан.

Copyright © 2017 Maral FM