Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кримтөбөл «Женго» Тажикстанда, жакында аны кармайбыз

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 4759 | 0

Кримтөбөл Кадыр Досонов (Женго) азыр Тажикстанда, кээде Өзбекстанга, бирде Кыргызстанга өтүп жүрөт. Аны жакында кармайбыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

«Биздин өлкөдө бир да бандиттин, криминалдык авторитеттин таасири күчтүү болбошу керек. Алар бизди сүйлөп эле калып калат деп ойлошпосун. Бандиттер азыр абдан жакшы жашайт. Үйлөрү, минген машинелери мыкты. Мындан ары андай болбошу керек. Мен криминалдык топторго эскертүү берем, ишкерлерге кысым көрсөтчү болсоңор, мыйзамдын негизинде жоопко тартыласыңар. Биз ишкерлерге кысым көрсөткөн спортсмендерди, чемпиондорду кармап жатабыз. Спортчулар да ээнбаштык кылбай, өлкөнүн туусун көтөрүү менен алектенсин», -деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы бандиттерди багып келген ишкерлер да жоопко тартыларын, кримтөбөлдөр да мыйзам менен жашашы керектигин айтууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 30-ноябрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган.

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

2020-жылдын 28-октябрында ага Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM