Биз менен байланышыңыз

Финпол: Бажы кызматынын Оштогу айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 798 | 1

Финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын «Достук» бажы бекетинин кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана аталган бекет аркылуу товарларды аткезчилик жолу менен ташып кирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого багытталган иш-чараларды жүргүзүү учурунда, бажычылардын катышуусунда товарлар дайым аткезчилик менен ташылып турганы аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Кулкучу кыз

    25.12.2020 00:51

    Булардын Финполу башка планетадан келген го ээ. Эми билип жатышса. Муну элдин баары эчак эле билчуу.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM