Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Атамбаев менен эртең жолугам

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 680 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлады. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Ташиев Атамбаев учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экенин, жума күнү барып андан кабар аларын кошумчалады.

«Чынын айтуу керек, анын ден соолугу анча жакшы эмес. Эртең барып көрөм. Эгер саламаттыгы жакшырбаса, анда аны ооруканага которуу чечимин кабыл алам. Анткени ал саламаттыгын чыңдап алып, мыйзам алдында жооп бериши керек», — деди Ташиев.

Алмазбек Атамбаев алгач УКМКнын тергөө абагында кармалып, октябрда Бишкектеги №47 колонияга которулган. Кийин кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилгени айтылган.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Андан тышкары бир топ оор кылмыш иштери боюнча айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM