Биз менен байланышыңыз

УКМК өспүрүм кыздын кайрылуусу боюнча текшерүү баштады

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 13186 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 9 жаштагы өспүрүм кыздын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Буга чейин 9 жаштагы Асема Шакирова Ташиевге видео кайрылуу жасап, пандемия учурунда апасы иштеген Кемин районундагы Жалил Садыков мектебинде апасына кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облустук башкармалыгына аталган мектепти текшерип чыгууну тапшырды.

Учурда видео кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тийиштүү чаралар көрүлөрү жана коомчулукка кеңири маалымат берилери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM