Биз менен байланышыңыз

Казакстанда чектөөлөр күчөтүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 699 | 0

Казакстанда коронавируска байланышкан чектөө чаралары 25-декабрдан тарта күчөтүлөт. Мындай чектөө 2021-жылдын 5-январына чейин уланары мекемелер аралык комиссиянын отурумунда айтылган.

Өлкөнүн 5 аймагында — Атырау, Костанай, Павлодар, Түндүк-Казакстан жана Акмола облустарында коркунуч жогору. Чектөөлөр маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жана ушул сыяктуу адамдар көп топтолгон жайлардын ишин көзөмөлдөөгө байланыштуу.

Атырау жана Мангыстау облустарында карантин чаралары 13-октябрда киргизилген. Бийлик муну ооруну жугузуп алган адамдардын кескин көбөйгөндүгү менен байланыштырууда.

Башка аймактарда дале чектөө чаралары колдонулбай келет, ал эми коомдук жайларда беткап тагынуу милдеттүү талап бойдон калууда. Көңүл ачуучу жайлардын көпчүлүгү жабык турат.

Бир жума мурун өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйгөнүн билдирген.

Акыркы сутка ичинде 652 жаңы учур аныкталды, бүгүнкү күнгө чейин коронавируска чалдыккан 147 миң 236 бейтап катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM