Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышат

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 424 | 0

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынына катышат. Жыйын видео байланыш аркылуу өтөт.

КМШнын саммитине Өзбекстан төрагалык кылат. Мамлекет башчылар уюм алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темаларын, өнүктүрүү концепциясын жана биргелешип кызматташууну арттыруу жаатындагы башка маанилүү маселелерди талкуулашат.

Жыйындын соңунда бир катар документтер кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM