Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов: Мигранттар менен жаңыча ыкмада иштешебиз

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 734 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Ал 2020-жыл бүткүл адамзат үчүн татаал сыноо болгонун белгилеп, пандемия ар бир адамга, өзгөчө бөтөн жерде жүргөндөргө оор болгонун айтты. Ага Кыргызстандагы бир катар саясий, экономикалык жана социалдык мүнөздөгү өзгөрүүлөр кошул-ташыл болгонун белгиледи.

Талант Мамытовдун айтымында, мигранттардын көйгөйлөрү, диаспоралар менен кызматташуу өлкө жетекчилигинин саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон кала берет.

«Биздин алдыбызда Кыргызстанга кайтууну, бизнесин ачып, туулуп-өскөн жеринде жашоону жана иштөөнү каалагандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү милдети турат. Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жана коопсуз миграция чараларын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат. Биргелешкен гуманитардык, экономикалык, социалдык, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында чет өлкөдөгү мекендештер менен тыгыз кызматташууну колдоого багытталган чечимдер кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Мамытов мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлинде мекендештер менен кызматташуунун жаңы формалары түзүлүп жатканын айтты. Буга мисал катары Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Миграция, чет өлкөдөгү мекендештер жана диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле «Мекеним» программасын иштеп чыгуу аяктоо алдында турарын кабарлады. Анда жеңилдетилген шарттарда мигранттар үчүн Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан сырткары «Мекен карт» мыйзамы кабыл алынды.

Талант Мамытов пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн мекендештерге ыраазычылык билдирди.

«Өлкө үчүн ушул татаал жылы коронавирус пандемиясы убагында ортодогу узак аралыкка карабай кыргызстандыктар сиздерден колдоо тапты. Сиздердин күч-аракетиңиздер менен Кыргызстанга гуманитардык жана материалдык жардамдар, медициналык жабдуулар, зарыл медикаменттер жөнөтүлдү. Жалпы элибиз туш болгон кыйынчылыкка кайдыгер карабай, ондогон медицина кызматкерлери волонтер болуп, мекенибизге келип, элибизге билимин жумшап, мээримин төгүп, кам көрүп, жардамын берди. Диаспоралар болсо чет өлкөдө жумушу жана турак-жайы жок калган мекендештерибизге кол кабыш кылды. Сиздер мекенчилдикти жана ынтымакты көрсөттүңүздөр. Сиздердин жан аябаган эмгегиңиздер абдан жогорку баага татыктуу. Берген жардамыңыздар үчүн жалпы Кыргызстан элинин атынан сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!»

18-декабрь — Мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенция кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 800 миңден ашык кыргызстандык бар. Анын басымдуу бөлүгү Орусияда, калгандары Казакстан, Түркия, Түндүк Корея жана Бириккен Араб Эмираттары жана башка мамлекеттерде.

Copyright © 2017 Maral FM