Биз менен байланышыңыз

«Жетим-Тоо» темир кенин мамлекет өзү иштетет

Саясат , Экономика | 17 Дек 2020 | 1629 | 0

Шайлоо алдындагы айрым талапкерлердин өлкөнүн тоо-кен тармагы боюнча айткан сөздөрү кызуу талкуу жаратты. Тагыраагы, Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» темир кени боюнча сөз жүрүп, анын Кытайга өткөрүлүп берилери маалымдалды. Өкмөт бул айтылгандарды төгүндөп, кенди мамлекет өзү иштетет деген жообун берди. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, темир кенин иштетүү боюнча жакын арада чечим кабыл алынат.

«Жетим-Тоо» кени темирдин запасынын көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. 6 аймактан турган кендин узундугу 40 чакырымга созулуп, жалпысынан 3 млрд 344 тонна темирдин запасы бар.

«Улуттук долбоор катары 2021-жылы ишке киргизгенге аракет кылабыз. Кенди иштетүүдө XXI кылымдын заманбап техникалары колдонулат. «Жетим-Тоодо» мөңгү жана дарыя жок, андыктан экологияга зыян тийгизбейт. Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеши үчүн темир жол курулат».

Долбоордун башталышына болжолдуу сарпталуучу 200-300 млн долларлык каражатты Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан жана Евразия өнүктүрүү банкынан алуу пландалууда. Жыргалбек Сагынбаевдин берген маалыматына таянып айтсак, кенди иштетүү лицензиясы буга чейин колдон-колго өтүп келген. Азыркы учурда сот жараяндары аркылуу толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда «Жетим-Тоодо» 50 млрд тоннадай темир запасы бар экенин белгилеп, аны сырье түрүндө сатуу аркылуу бир жылда 1 млрд долларлык карыздан кутулууга болорун билдирген.

Коомчулукта «Жетим-Тоодогу» темир кенин тышкы карыздардан кутулуу үчүн Өкмөт Кытайга берет деген сөздөр көптөн бери айтылып келген. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ишенбай Кадырбеков да Жапаров президенттик кызматка келсе, аталган кен чет элдиктерге берилип кетүү кооптуулугу бар экенин айткан болчу.

Аталган маселе боюнча Жапаров үгүт өнөктүгүндө кеп козгоп, Кадырбековдун айткандарын төгүнгө чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM