Биз менен байланышыңыз

«Абаны негизинен автоунаалардан чыккан заттар булгап жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2020 | 750 | 0

Бишкекте абанын булгануусунун башкы себеби: автоунаалардан чыккан зыяндуу заттар. Бул тууралуу «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сапатсыз күйүүчү майды колдонуу адамдын ден соолугуна, экологияга, бак-дарактарга жана жердин катмарына зыянын тийгизет. Зыяндуу заттар бууланып абага көтөрүлгөнү менен жамгыр же кар жааганда кайра жерге түшөт.

«Биз күнүнө 20 миң жолу дем алабыз, ошондо бир мүнөттө 5 литр абаны жутуп, кайра чыгарабыз. Дем алуу аркылуу кирген уулу заттар боорго жете электе эле кан аркылуу организмге тарап кетүүдө. Уулуу заттардын арасына металлдар да кошулуп кеитиши ыктымал, алар денеден чыкпайт. Ар бир экинчи адам аллергия менен жабыркайт, ар бир үчүнчү адам жүрөк оорулуу… Кир абадан улам илдеттер жашарып, ооруга чалдыккандардын саны көбөйүүдө», — дейт Султангазиева.

Ал абанын булганышына ЖЭБ, жеке мончолор, таштандыларды өрттөө, жаңы конуштарда жагылган көмүр да себеп болуп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM