Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы климаттык дипломатия жана коопсуздук боюнча долбоордун бет ачары болот

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 592 | 0

Эртең, 17-декабрда Борбор Азиядагы климаттык дипломатия жана коопсуздук боюнча долбоордун бет ачары болот.

Долбоор БУУнун Өнүгүү Программасы жана Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы мамлекеттик органдар менен биргеликте Улуу Британиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат.

Долбоордун максаты — илимий чөйрөлөрдүн жана жарандык сектордун көңүлүн климаттык маселелерге буруп, талкууларга катышууга үндөө болуп саналат.

Долбоор үч өлкөдө жаштардын уюмдары менен тыгыз иштеп, климатка байланыштуу чечимдерди кабыл алууга, сүйлөшүү процесстерин чагылдырган оюн форматы аркылуу жүргүзүлөт.

Иш чарага Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлейн катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM