Биз менен байланышыңыз

Жапайы жаныбарларды аткандарга айып пулдун өлчөмү жогорулатылды

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 664 | 0
Сүрөт: sputnik.kg

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо, же алардын өлүмүнө жол бергендик үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Документ айлана-чөйрөнү коргоо, Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды, анын ичинде эндемикалык объектилерди мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, айып пулдун өлчөмүн белгилөө учурунда төмөнкүлөр эске алынды:

-жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн баалуулугу;

-алардын кайтарылышынын макамы;

-эндемикалуулугунун макамы;

-жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (алардын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен) атайын пайдалануу үчүн акынын өлчөмдөрү.

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, расмий олжолоп алынуучу жана мыйзамдуу рынокто сатылуучу аңчылык жана башка түрлөрдүн тизмегине кирген жаныбарларды атуу үчүн таксаны көбөйтүү алардын базар наркынан 10 эсеге чейин өлчөмдө жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM