Биз менен байланышыңыз

Шайлоо 2021: Референдум өткөрүү үчүн кошумча 40 млн сом бөлүндү

Саясат , Шайлоо-2021 | 15 Дек 2020 | 1023 | 0

Бүгүн, 15-декабрда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт иштери башталды. Бул өнөктүк 2021-жылдын 8-январынан 9-январына оогон түнгө чейин созулат.

Боршайком талапкерлер тууралуу кенен маалыматтарды расмий сайтына жайгаштырды. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов белгилегендей, үгүт учурунда көрсөтүлгөн талаптарды бузган талапкерлерге жана алардын тарапташтарына мыйзам чегинде жоопкерчиликтер каралган.

«Талапкерлер жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, далилсиз жалааларды жапса, Кылмыштар жана Жоруктар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Айрым жүйөлөр боюнча, талапкерди тизмеден чыгарып салууга да мүмкүнчүлүк бар».

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Бул жарышка 18 талапкер катталып, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн. Бекматовдун айтымында, президенттикке өтпөй калган талапкер эгер шайлоого катышкандардын бир пайыздан кем эмес добушуна ээ болсо, күрөөсү кайтарылып берилет.

14-декабрга карата 3 млн 552 миң 582 шайлоочу катталган. Бул жолку шайлоодо «Форма №2» менен добуш берүү жокко чыгарылгандыктан, жарандар катталган жеринен гана добуш бере алат. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул кадамды өткөн шайлоолордогу мүчүлүштүктөрдү жоюу чарасы катары түшүндүрдү.

«Паспорттогу каттоо белгисин учурда жашап жаткан жерине өзгөрткөндө гана добуш бере алат. 4-октябрдагы шайлоодо добуш сатып алуу көп катталган. Андыктан «Форма №2ни» жоюуга аргасызбыз. Шаарларда окуп жаткан студенттер да каникул мезгилинде айылдарында болушат».

Дагы бир айта кетчү жагдай, 10-январь күнү президенттик шайлоо менен бирге өлкөнү башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт. Ага ылайык, шайлоочуга бюллетендеги «президенттик», «парламенттик» жана «баарына каршы» деген үч позициянын бирин тандоо укугу берилет.

Добуш берүүгө Кыргызстандагы шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум жарактуу деп таанылат. Шайлоо тилкесине кирген жаранга шайлоо жана референдум үчүн эки бюллетень берилип, ар бири өзүнчө урнага салынат.

Жалпы элдик референдумду өткөрүүгө бюджеттен 39 миллион 946 сом бөлүнөт. Буга чейин президенттик шайлоого 549 миллион сом коротулары айтылган. «Жарандык платформа» коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова референдум өткөрүү демилгеси шашылыш кабыл алынганына нааразы. Анткени жарандардын тандай турган багытын түшүнүп алуусу үчүн убакыт өтө аз болуп калды.

«Президенттик», «парламенттик» жана «баарына каршы» деген топтор үгүт компаниясын жүргүзгөнгө убакыт аз болуп калды. Негизи иш-чара жарым жылда өтүшү керек болчу. Азыр элге да түшүнүп, аңдаганга кыйын болуп турат».

Мындан тышкары шайлоо алдындагы үгүт ишине чогулган адамдардын саны чектелбейт, негизгиси, пандемия шартында талаптар сакталып, бир жарым метр аралык сакталышы зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM