Биз менен байланышыңыз

Беларусияда саясий кризис уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 530 | 0

Беларусияда саясий кризис уланууда. Нааразычылык акцияларынын башталганына 130 күнгө чамалады. Жекшембиде эл кайрадан нааразычылыкка чыгышты. Бул ирет да алар топтолуп чыкпастан, чачыранды түрдө жүрүш жасады. Мындай жол менен оппозиция акцияга чыккандарды жапырт кармоого тоскоолдук кылууну максат кылган.

Бирок ага карабастан бийликке каршы нааразылык жүрүшүндө 300гө жакын адам кармалды. Бул тууралуу өлкөдөгү «Весна» укук коргоо уюму кабарлады. Беларустун расмий бийлиги да бул маалыматты ырастады.

Башка күндөргө салыштырмалуу акыркы жүрүштө күч түзүмдөрү жолдорду тоскон жок. Автобус жана троолейбустар кадимкидей тартипте иштеп турду. Ошондой эле интернет да өчүрүлгөн жок.

Бирок митингге чыккандарды кармап кетүү уланып жатты. Ал арада күч түзүмдөрү он чакты окуучуну кармап кеткен маалымат тарады. Кийинчерээк милиция кызматкерлери катачылык кеткенин айтып, аларды кайра бошотушкан.

Беларусияда августтагы президенттик шайлоодон соң саясий кризис болуп жатат. Нааразычылыкка чыккандар күч түзүмдөрүнүн зомбулукту токтотуусун, Александр Лукашенконун отставкага кетүүсүн жана августтагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкөдө кайрадан президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM