Биз менен байланышыңыз

Нигерияда жоголгон окуучулар табыла элек

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 469 | 0

Нигериянын Канкара шаарындагы мектеп-интернаттан 333 окуучу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү кечинде Нигериянын Канкара шаарында куралчан адамдар мектеп-интернатка чабуул жасаган.

Алгач куралчан топ шаардын көчөлөрүн аткылап баштаган. Күч органдары колго түшүрүүгө аракет кылганда, бир нечеси Government Science Secondary School мектеп-интернаты тарапка качып, аталган билим берүү мекемесин барымтага алуу үчүн ок чыгарышкан. Мектеп-интернатта жалпы 839 окуучу окуйт. Дайынсыз болгон 333 окуучуну белгисиз куралчан адамдар алып кетишкен. Калгандары качып кутулган.

Бул окуядан соң өлкө президенти Мухаммад Бухари жоголгон балдарды жана аларды уурдагандарды табуу тапшырмасын койду.

Учурда полиция кызматкерлери издөө иштерин улантууда. Ал эми мектеп-интернат убактылуу жабылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM