Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгында мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 788 | 0

Мамэкотехинспециянын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан Чүй суу чарба боюнча бассейндик башкармалыгынын, Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгына пландуу текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө суу объектилеринин коргоо тилкелерине мыйзамсыз салынып кеткен кошумча курулуштар аныкталган. Бул тууралуу Мамэкотехинспециянын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле  Бажы бирлигинин 018/2011 «Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти, 031/2012 «Айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алар үчүн чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Жеринде бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилген.

Контролдук текшерүү учурунда буга чейин берилген эскертмелер аткарылбагандыгы аныкталып, жеринде “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 293-беренесинин негизинде 13 миң сом айып пул салынды.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын суу объектилеринин коргоо тилкелерине мыйзамсыз салынып кеткен кошумча курулуштарды жокко чыгаруу талабына ылайык, ишкана тарабынан тиешелүү иш чаралар жүрүп жаткандыгы аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM