Биз менен байланышыңыз

К.Чороевдин БШКнын чечимине каршы соттук отуруму башталды

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 341 | 0

Бүгүн, 12- декабрда президенттикке талапкер Кубан Чороевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы соттук отуруму өтүп жатат.

Кубан Чороев 10-декабрда БШКнын өзүн шайлоого катышуудан четтеткенине каршы арызданган. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын айтууда.

Президенттик кызмат ордуна талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактары жараксыз деп таанылганын Борбордук шайлоо комиссиясы 9-декабрда кабарлаган.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү кол топтоо баракчаларын 3-декабрда тапшырган. БШКнын маалыматына караганда, кол коюу барактары шайлоо фондунан акча төлөнө электе эле жасалганы аныкталган. Бул мыйзамга каршы келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM