Биз менен байланышыңыз

Оштогу автомектептердин салык төлөөдөн качуу схемасы аныкталды

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 370 | 0

Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Финансы полициясы кабарлады.

Мекеменин Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмү мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Анын алкагында, Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алган курсанттар (контракттар) жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтарында айырмачылыктар табылды.

Натыйжада, «А.П.» ЖЧКсынын автомектептеринин бири гана мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Азыркы убакта Кыргызстандын бүткүл аймактарында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM