Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол тамгалары жараксыз деп табылды

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 610 | 0

Президенттик кызмат ордуна талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактары жараксыз деп таанылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү кол топтоо баракчаларын 2020-жылдын 3-декабрында тапшырган. БШКнын маалыматына караганда, кол коюу барактары шайлоо фондунан акча төлөнө электе эле жасалганы аныкталды. Бул мыйзамга каршы келет.

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы боюнча, талапкердин шайлоо фонду 11-ноябрда ачылган. Шайлоо фондунан кол топтоо баракчаларын даярдоо үчүн төлөм 3-декабрда жүргүзүлгөн.

«Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тарта жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат».

Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ «Эгер ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз» — деп эсептеле тургандыгы белгиленген.

Талапкер БШКнын чечимине каршы чыга алат. БШК 24 сааттын ичинде талапкердин кол тамгалары жараксыз болгону тууралуу кабарлашы керек. Эгер ал шайлоого катышуудан мыйзамсыз четтетилдим деп эсептесе төрт күн ичинде сотко кайрыла алат.

Боршайком учурда талапкерлер тапшырган кол тамгаларды текшерип жатат. 14-декабрда талапкерлердин акыркы тизмеси жарыяланат.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM