Биз менен байланышыңыз

50 млн долларлык Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 710 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн эки тараптуу жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык талкууланды.

Ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган «Каржылык кызматташтык жөнүндө» макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM