Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдында миграция маселелери боюнча Кеӊеш түзүлдү

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 550 | 0

Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеӊеш түзүлдү.

Анын максаты — Жогорку Кеӊештин чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештер менен байланышын жана мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыӊдоо, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылуу, миграция жана диаспоралар жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп эсептелет.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга иш сапары менен барган.

Ал 8-декабрда Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM