Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда Өзбекстан куруп берген оорукана бир жумада пайдаланууга берилет (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 517 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул оорукананы Өзбекстан гуманитардык көмөк берүү максатында куруп берүүдө.

Өкмөттүн маалыматына караганда, оорукана курулуп бүтүү алдында турат. Анда эки корпус, 214 орун бар, оорукана бир жума ичинде пайдаланууга берилет.

Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM