Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 296 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор. Мамлекетибиздин туура багытта өнүгүүгө жол алышында коомду калыс маалымат менен камсыздоо, келечек муундардын аң-сезимине, дилине руханий баалуулуктарды терең сиңирүү башкы максат. Мына ушул милдетти ишке ашыруу сиздердин чыгармачылык дараметиңиздерден түздөн-түз көз каранды. Кесипкөйлүк, жаратмандык ишиңиздер мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошот деп бекем ишенем», — деп айтылат маалыматта.

1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы көрсөтүү обого чыккан күн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM