Биз менен байланышыңыз

Францияда мечиттер жана ибадатканалар жапырт текшерилүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 335 | 0

Француз бийлиги мечиттер менен ибадатканаларды жапырт текшерүүнү баштады. Бул тууралуу Би-би-си орус кызматы жазды.

Өлкөнүн Ички иштер министри Жеральд Дарманендин айтымында, текшерүү учурунда экстремизмге чакырык таштоолор байкалса, дароо жабылат.

Жеральд Дарманен маалымат каражаттарына билдиргендей, 76 мечит жана сыйынуу үйлөрү көзөмөлгө алынат. Алардын 16сы Парижде жана анын айланасында жайгашкан.

Текшерүүнүн алкагында инспекторлор мечиттерди каржылоо булактарын изилдеп, имамдар кимдер менен байланышта экендигин аныкташат. Ошондой эле Куран үйрөтүү боюнча балдар мектептеринин иштерин көзөмөлдөшөт.

Францияда иштеген 2600гө жакын мечиттин 76сы гана текшерүүгө алынары айтылды. Министрдин айтымында, өлкөдө радикалдашкан мусулмандардын саны көп эмес.

«Францияда дээрлик бардык мусулмандар мыйзамды сыйлашат жана алар радикалдашууну терс кабыл алышат», — деди ал.

Ал ортодо Францияда бир жумадан кийин экстремизм жөнүндө жаңы мыйзам сунушталары кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM