Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов: «Манас» бар, элибиз бар

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 341 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.

Ал «Манас» эпосу — улуттун өзөгүн түзгөн кыргыз рухунун туу чокусу экенин, улуттун улуулугу тили менен маданиятында экенин айтты. Ал эми кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан улуу «Манас» эпосунда.

«Түпкүлүктүү кыргыз элинин басып өткөн жолун, карт тарыхын сактаган эпосубуз — улутубуздун нарк-насилин, салт санаасын, үрп-адатын, терең маданиятын жана жашоо образын бүтүндөй камтыган кайталангыс руханий кенчибиз. Дүйнө элдери баасын берип, эпосубузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын шедеври катары тааныды. Демек, мындай бүтүндөй бир улуттун ким экендигин аныктап, муундан муунга өтүп келген мурасыбызга өтө астейдил мамиле жасоо — ар бир кыргыз жаранынын милдети жана парзы».

Мындан 25 жыл мурда «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленген. 2013-жылы 4-декабрда «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Бул күн «Манас» эпосунун күнү деп аталып, майрамга айланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM