Биз менен байланышыңыз

Депутаттар айлыгын алууну улантууда

Саясат , Экономика | 2 Дек 2020 | 1108 | 0

Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы жыйынында эл өкүлү Акылбек Жапаров ноябрь айынан тарта айлык албай иштөө сунушун киргизген. Кийинки чакырылыштын депутаттары келгенче айлык албоо сунушуна көпчүлүк эл өкүлдөрү макул болушкан. Акылбек Жапаров 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларга Жогорку Кеңеш да моралдык жана материалдык жоопкерчилигин сезиши керектигин белгилейт.

— 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларга байланыштуу Президент моралдык жоопкерчилигин сезип, мөөнөтүнөн 3 жыл мурун отставкага кетти, Өкмөттүн курамы да тарады. Парламенттин 80 пайызы кайра келебиз деп шайлоого аттанган. Окуянын чыгышына Жогорку Кеңештин да күнөөсү чоң. Материалдык жоопкерчиликти да тартышыбыз керек, — деди Жапаров

Бул боюнча Финансы министрлигине кайрылганыбызда, алар Жогорку Кеңешке каражат толугу менен мурдагыдай бөлүнүп жатканын маалымдашты. Мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Талантбек Стамалиевдин айтымында, ноябрь айына карата борбордук казына аркылуу 20 миллион 492 миң сом бөлүнгөн.

— Биз жалпы сумманы которобуз. Андан соң, Жогорку Кеңештин каржы бөлүмү каражатты кандай багыттарга бөлүп таратат, өздөрүнүн иши, — деди Талантбек Стамалиев

Негизи Жогорку Кеңештин депутатынын алган айлыгы — 30-35 миң сом. Мындан тышкары жеке фондуна 40 миң сомдон которулат. Бул каражат эл өкүлүнүн жардамчысына, кеңсе чыгымдарына жана автоунаа чыгымдарына керектелет. Ошол эле учурда бюджеттеги ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында казынадан төлөнүүчү депутаттык фондду каржылоо токтотулган.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев ноябрда 50 депутат айлык алганын ырастады. Ал эми 70 депутат өз маянасын Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүүгө бөлүп берген. Маматалиев, маяналарды албай коюу сунушу мыйзамдык жактан бекитилбегенин айтат.

— Ал чечим оозеки гана айтылган. Аны мыйзамдаштырууну карап жатабыз. Ал эми 28-октябрдан кийинки маянаны ак үй имаратын оңдоого жумшоону демилгелегем. Ага 70 депутат макулдугун берген, — дейт Маматалиев.

Маматалиев 20га чукул депутаттын маянасыз иштөөгө каржылык абалы туура келбестигин кошумчалады. Анткен менен колунда бар кесиптештеринин сунушту колдоого албаганына нааразы.

— 20 депутат чындыгында айлыктан башка кирешеси жок экен. Көбүнчөсү айымдар. Аларды түшүнсөк болот. Ошол эле учурда бизнестери бар, бай депутаттар сунушту колдобой, айлыктарын алып жатканы өкүнүчтүү. 

Белгилей кетсек. Жогорку Кеңештин бир жылдык бюджети 800 млн сомдун тегерегинде. Бөлүнгөн сумма депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин айлык акысы, иш сапары жана башка иштерине жумшалат. Айрым депутаттар белгилегендей, бул каражат Президенттин аппаратына бөлүнгөн акчадан алда канча аз.

Copyright © 2017 Maral FM