Биз менен байланышыңыз

Конституциянын жаңы долбоорунда орус тили расмий тил бойдон калат

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 714 | 0

Орус тили Кыргызстандын расмий тили бойдон калат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин «Конституциялык түзүлүштүн негиздери» секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев билдирди.

Ал ар кандай сунуштардан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү кыргыз тилин мамлекеттик, орус тилин өлкөнүн расмий тили катары калтыруу чечимин кабыл алышты.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин жыйынында орус тилин расмий макамынан ажыратуу тууралуу сунуш болгон. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM