Биз менен байланышыңыз

Курманбек Дыйканбаев эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 359 | 0

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, 24-ноябрда кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, Дыйканбаев октябрда өткөн парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 млн сом талап кылган. Ал кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык делген мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан алам деп опузалаганы айтылат.

Ошондой эле, опузалоо менен алынган 7 млн сом шайлоо учурунда добуш сатып алууга жумшалганы айтылган.

Курманбек Дыйканбаев 2018-жылы 14-февралда президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалган. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынан депутат болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM