Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк ноябрь айында тогуз жолу интервенция жасады

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 763 | 0

Сомдун курсун туруктуу сактоо максатында Улуттук банк 26-ноябрь күнү валюта рыногунда дагы бир ирет интервенция жасап, 5 млн 800 миң доллар сатты.

Ушуну менен ноябрь айында тогузунчу жолу интервенция жасалып, жалпы 17 млн 350 миң доллар сатылды.

Жыл башынан бери валюта рыногуна 22 ирет интервенция жасалды.

27-ноябрга карата доллардын расмий курсу 84 сом 79 тыйын деп белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM