Биз менен байланышыңыз

Султанбеков: Кызматтан баш тарттым, бирок жардам берүүгө даярмын

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 909 | 0

«Социал-демократтар» партиясынын тең төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек мэриясында иштей баштаганын четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Султанбеков өзүнө сунушталган кызматтан баш тартканын жана парламенттик шайлоого даярданып жатканын айтууда. Ошол эле учурда, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берерин кошумчалады.

«Бүгүн мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладым, ал ар кандай жардам сурады. Биз ар кандай деңгээлде жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче даярбыз. Журналисттер: «Мэрияга жумушка орношуп калдыңызбы?» — деп чалып жатышат. Менин жообум — жок. Дагы чоңураак кызматтарды сунушташты, бирок андан да баш тарттым. Мен парламенттик шайлоого даярданып жатам, бирок элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берүүгө даярмын».

Буга чейин Темирлан Султанбеков Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кеңешчиси болгону тууралуу маалыматтар тараган.

Copyright © 2017 Maral FM