Биз менен байланышыңыз

АКШдагы тажик чайханасы тарыхый объект деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 760 | 0

АКШдагы Боулдер шаардык кеңеши «Боулдер-Дүйшөмбү» чайханасын тарыхый объект деп таап, анын ички жана тышкы бөлүктөрүн кайтарууга алууну чечти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Дүйшөмбү шаары чайхананы Америкага 30 жыл мурда белек кылган.

Боулдердин мэри Сэм Уивер: «Тажик чайханасы — Боулдердин кенчи. Шаарыбызда чыгыш колоритиндеги мындай кооз имарат бар экенине сыймыктанабыз», — деди.

АКШдагы алгачкы тажик чайханасынын имараты боюнча шаардык кеңештин биринчи жыйыны быйыл октябрда «Боулдер-Дүйшөмбү чайканасынын достору» коомдук уюмунун демилгеси менен өткөн. Уюм калаа бийлигинен объектини реставрация кылуу үчүн тажикстандык усталарды чакырууну өтүнгөн.

Чайхананын расмий сайтында имаратты куруу чечими 1987-жылы «Боулдер менен Дүйшөмбү — боордош шаарлар» деп табылгандан кийин кабыл алынганы жазылган.

Кыркка жакын уста үч жыл бою чайхананын декоративдик элементтерин жасап, оюуларды түшүргөн. Бул иштерди аткарууда эч кандай электр жабдуулары колдонулган эмес, бардыгы көптөгөн кылым мурдагыдай колго жасалган. «Боулдер-Душанбе» чайханасында жыл сайын Нооруз майрамы белгиленип турат.

2018-жылы АКШнын Омаха шаарында да тажик чайханасы ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM