Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Сурамжылоодо Садыр Жапаров алдыга чыкты

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 26 Ноя 2020 | 4585 | 0

Москва шаарында жайгашкан Саясий социология илим изилдөө институту кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого жашы 18ден жогору 7088 адам катышкан.

«Эгер Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?» — деген суроого жарандардын 84,5%ы «ооба» деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эместигин айтса, дагы 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган.

Добуш берүүгө барам дегендердин ичинен Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустары алдыда. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө.

Сурамжылоого ылайык, биринчи орунду өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров алган, тактап айтканда, респонденттердин 59,11% Жапаровго добуш берерин айтышкан.

Экинчи орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%);

Андан кийин парламенттин экс-спикери Канатбек Исаев (0,86%) турат.

Ошондой эле алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана Арстанбек Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген.

Мурунку депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн.

Калган талапкерлер жалпысынан 5%дан төмөн алары күтүлүүдө.

Катышкандардын 21,57%ы кимди тандай турганын азырынча чече электигин, ал эми 9,49%ы баарына каршы добуш берерин айтышкан.

Сурамжылоо телефондон маектешүү ыкмасы аркылуу жүргүзүлгөн. Ага бир үйдөн бир гана адам катышкан.

Респонденттердин ичинен эркектер – 53%, аялдар – 47%ды түзгөн. Калктын жашаган аймагынын түрлөрү боюнча шаар тургундарынын үлүшү 44,4%ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM