Бүгүн, 26-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 966 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Суунун агып келиши секундасына 169 куб метр, агып чыккан суунун көлөмү 699 куб метрге жетүүдө.
23-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 млрд куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 млрд куб метрге аз экенин Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Нурбек Козубеков президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушууда айткан.