Биз менен байланышыңыз

Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 583 | 0

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 млн беткап берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Гуманитардык жардамдын баасы 77,7 млн сомду түзөт.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар менен беткаптар Бишкекке алып келинип, аны кыргыз тарапка тапшыруу иш-чарасы 26-ноябрь күнү өтөт.

«Кыргыз тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, коронавируска каршы күрөштө көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалайт», — деп билдирет министрлик.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM