Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 25 Ноя 2020 | 736 | 0

25-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү толук аяктады. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Акыркы тизме боюнча 47 талапкер калды.

БШКга башында 65 адамдан арыз түшкөн, анын тогузу мамлекеттик тилди билүү тууралуу сертификаты жок болгондугуна байланыштуу, дагы үчөө соттуулугу жоюла электигине байланыштуу 19-ноябрда документтери артка кайтарылган.

Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тарткан.

Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер болуп катталууну каалагандардын саны 47 адамды түзүүдө.

Талапкерлер эми 6-декабрга чейин банктык эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толукташы керек.

Андан соң Боршайком 14-декабрга чейин документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерип, 15-декабрдан тарта шайлоо алдындагы үгүт башталат.

Copyright © 2017 Maral FM