Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Садыр Жапаровду айкөл болууга чакырды

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 4370 | 1

Саясатчы Равшан Жээнбеков түрмөнүн азабын көргөн адам катары өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган президенттикке талапкер Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал мамлекеттин башына келем деген адам чыдамкай, толеранттуу, айкөл, болушу керек деп эсептейт. Жээнбеков эгер Садыр Жапаров мамлекеттин башына келсе, бийликти саясий оппоненттерине каршы колдонбоого чакырды.

«Мен башка саясатчылардай болуп актала элекмин, мойнумда жети кылмыш иши илинип турат, азыр үй камагындамын. Ошондуктан түрмөнүн азабын тарткан адам катары, ал жактагы саясий басымды билген киши катары Садыр мырзага кайрылат элем. Түрмө — аябай оор нерсе, өзгөчө саясий максатта камалгандарга. Садыр өзү дагы абактан чыкканына бир жарым ай эле болду. Мамлекеттин башчысы болом деген адам эч качан сөздүн, бийликтин күчүн оппоненттерине каршы пайдаланбайт. Ал толеранттуу болушу керек. Ошондуктан Садыр Жапаровдун кечээки сөздөрү шайлоонун риторикасы болсо керек деп ойлоп жатам. Бирок эгер президент болуп калса, шайлоо риторикасынан кетип, сөздүн, бийликтин, мамлекеттик институттардын күчүн саясий оппоненттерине каршы колдонбойт деп үмүттөнөм. Себеби өлкөнүн башындагы адамдын ар бир сөзү укук коргоо органдарына түз жана кыйыр түрдө команда берүү болуп эсептелет. Мына кечээ Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевге, Өмүрбек Текебаевдин дарегине айткан сөздөрү буга мисал болду«, — дейт Жээнбеков.

Бүгүн, 24-ноябрда президенттикке талапкерлердин бир тобу маалымат жыйын курушту. Алар Садыр Жапаровдун  7-каналга курган маегинде айрым талапкерлерге айыптоо, жалаа жабуу аракеттери байкалганын айтышты.

Иманалиев Жапаровдун билим деңгээлин сындады

Равшан Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катталган.

Copyright © 2017 Maral FM