Биз менен байланышыңыз

Такка талапкерлердин талашы, атаандаштардын «акыйнеги»

Саясат , Шайлоо-2021 | 24 Ноя 2020 | 1053 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого аттанган талапкерлер маалымат жыйын өткөрүп, азыркы өкмөт башчы мыйзамды одоно бузуп жатканын сындашты. Алардын айтымында, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун кечээги «7-каналга» берген маегинде бири-бирине карама-каршы келген жалган маалыматтар өтө көп. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров 23-ноябрдагы маегинде акыйкаттыкты талап кылгандардын баарын «бузуку» атап, адамдын жеке абийирине шек келтирди дейт: 

 — Кечээ күнкү Садыр мырзанын билдирүүсү менин оюмча, элди экиге бөлүп, коомдо жарака жаратат. Мындай нерсе болбошу керек. Ошол билдирүүнү мен да кунт коюп карап көрүп, арасында бири-бирине туура келбеген, алешем, чийки, логикалык жактан карама-каршы сөздөрдү таптым. А негизги элге берген таасири, ал мындай нерсе болуп жатат: «Мен, менин командам  жакшы, калгандары бут тоскон бузукулар». Мындай, абайлап сүйлөнбөгөн сөздөр элди экиге бөлүп, жарылууга алып келиши мүмкүн.

Садыр Жапаров «7-каналга» берген маегинде Өмүрбек Текебаевдин Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алганы чындык экенин, аны тастыктап бере аларын, ал ишти саясатчылар Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиев да билерин айткан. Садык Шер-Нияз Жапаровдун бул айткандарын сынга алып, төгүнгө чыгарды. Буга мисал катары бүгүн Кулов андай маалыматтарды билбестигин айтып чыкканын келтирди.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев Конституциялык реформага баруу аракеттери мыйзам жолунан сырт жүрүп жатканын айтып, ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп турган өкмөт башчы Садыр Жапаровду президенттик кызматка татыксыз деп эсептейт.  

— Эгер Садыр Жапаров президент болуп кала турган болсо, Кыргызстанды жүз жылдык тарыхындагы эң сабатсыз башчы башкарат. Далилдеп берейин: Раззаков Москвада окуп, 10 жыл ошол жерде иштеп, Өзбекстанда жөнөкөй мамлекеттик кызматкерликтен ишин баштаган. Бөлүм башчы, мамлекеттик пландын төрагасы, премьер-министрдин жардамчысы болуп, андан соң биринчи катчы кызматына келген, — дейт депутат.

Иманалиев андан кийин мамлекетти жетектеген Турдакун Усубалиевдин да Москвадан жогорку билим алып, 10 жыл Кремлде Сталиндин жанында иштегенин, андан кийин келген башкаруучулар Абсамат Масалиев, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев жогорку билим алып, мамлекеттик кызматтарды тепкич менен басып өткөнүн белгилейт.

— Керек болсо, акыркы президент Сооронбай Жээнбеков совхоздун директору болуп иштеп, 2 чакырылыштын депутаты, губернатор, айыл чарба министри, премьер-министр болуп, андан соң президент болгон. А биздин азыркы жолдошубуз Дене тарбия академиясынын дипломун заочный окуп алган. Биздин эл прогрессивдүү саясий жетекчиге татыктуу.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Садыр Жапаров президент болуп калса, мамлекеттик күчтү саясий оппоненттерине каршы колдонбосуна, саясий куугунтук болбой турганына ишенет. Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, 10 айдан кийин, 5-6-октябрдагы башаламандык маалында түрмөдөн бошоп чыккан. Анын үстүнөн 7 кылмыш иши козголуп, учурда бири да жабыла элек. 

Жээнбеков Жапаровду эмес, Борбордук шайлоо комиссиясын мыйзамсыз иш-аракеттери менен айрым талапкерлерге бут тосуп жатат деп сындады. Маселен, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлигин колдогон жарандардан кол тамга чогултууга 50 күн убакыт берилсе, учурда 12 күн гана убакыт берилген. Ага физикалык жактан жетишүү мүмкүн эместигин айтат.

  — Мен талапкер катары кол чогултууга уруксатты кечээ күнү эртең менен алдым. Кээ бир талапкерлер андан 2-3 күн мурун алды, бирок алардын деле маселеси ушул. Негизи, мыйзам боюнча 30 миңден 60 миңге чейин кол топтоо үчүн 50 күн берилиши керек. Бүгүнкү күнү мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгондуктан 60 миңге чейинки кол топтоо үчүн 10-15 күн убакыт берилип жатат. Бул физикалык жактан, мөөнөт жактан мүмкүнбү? Реалдуу эмес да. Бирок Боршайком логика сыйбаган талаптарды коюп, чоң тоскоолдуктарды, бюрократия жаратууда. Элестетип көргүлө, 12 күндүн ичинде 30 миңден 60 миңге чейинки кол топтоону. Бирок, биз кандай болгон күндө да аягына чейин күрөшөбүз.

Кайрылуу жасаган талапкерлердин пикирин Токтайым Үмөталиева, Кубанычбек Токтосунов жана Бактыбек Жумагулов да кубаттады. 

Белгилей кетсек, кечээ Садыр Жапаров «7-каналда» Конституциялык реформа тууралуу журналист менен маектешкен. Сөз арасында оппозициялык маанайдагы саясатчыларды сынга алып, аларды «бузуку» атаган. Ага чейин Жапаров айрым саясатчылардын «чыныгы жүзүн» ачууга убада берген эле. 

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу үчүн 65 талапкер арызын жазып, ар кандай себептер менен анын 48и гана калды. Мыйзам боюнча, президент 6 жылдык мөөнөт менен шайланат. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 5-6-октябрдагы башаламандыктардан туура 10 күн өткөндөн кийин өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM