Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь районунун акими кармалды

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 755 | 0

Бишкектин Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Куценко 23-ноябрь күнү Финансы полициясы тарабынан соттун чечими менен камакка алынып, конфискациялоого берилген жер тилкесин ээсин алмаштыруу аркылуу камактан чыгарганы, анын акысына ири суммадагы пара алганы үчүн кармалган.

Мындан мурда аталган иштин алкагында коррупцияга шектелип, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун Ч. С. аттуу башчысы жана Бишкектин Аймактар аралык сотунун Ж. Н. аттуу соту кармалган.

«2016-жылы өз тааныштарын колдонуп, президенттин аппаратынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары, айрым соттор жана сот системасынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Г.Э» ЖЧКсынын кызыкчылыгында иш алып барып, соттук иш жана соттук чечимдерди жасалмалоо жолу менен конфискациялана турган мүлктү камактан чыгарышкан», — деп билдирет Каржы полициясы.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши ачылган.

Константин Куценко Бишкектин Октябрь районунун акими болуп 2-ноябрда дайындалган.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Куценкону бул кызматка дайындаганы үчүн кечирим сурап, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

Copyright © 2017 Maral FM