Биз менен байланышыңыз

Жапыкеев: Ишкерлерге кысым көрсөткөн кызматкер иштен алынат

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 811 | 0

Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Ал пандемия бизнестин ишмердигине олуттуу таасир тийгизгендиктен, укук коргоо органдары ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтты.

«Биздин башкы жана негизги милдетибиз — бизнести коргоо, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеши керек», — деди Жапыкеев.

Ал Финансы полициясына жарандарды жана ишкерлерди жалпы республика боюнча үзгүлтүксүз кабыл алууну уюштурууну тапшырды.

Жапыкеев эгер ага мыйзамсыз жүрүм-турум жөнүндө же Финансы полициясынын кызматкерлеринин мыйзамдуу бизнестин ишмердигине кандайдыр бир кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM