Биз менен байланышыңыз

БШК: Президенттикке талапкерлердин тизмесинде 48 адам калды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 24 Ноя 2020 | 691 | 0

23-ноябрга карата президенттикке талапкерлердин тизмесинде 48 адам калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

БШКга башында 65 адамдан арыз түшкөн. Бирок талапкерликти көрсөтүү мөөнөтү аяктаганга чейин 2 адам арызын чакыртып алган. Андан кийин 63 талапкердин ичинен ар кандай себептер менен 15 адам жарыштан четтетилген.

БШКнын маалыматына караганда, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Нурлан Мотуевдин соттуулугу алынбагандыктан, документтери кайтарылып берилген.

Мамлекеттик тилди билгени боюнча «Кыргызтесттин» сертификатын тапшырбаганы үчүн 9 талапкер жарыштан чыгарылды:

— Анар Зарипова;
— Анаргүл Араева;
— Тынчтык Акжолтоев;
— Юлия Лилиенталь;
— Чынгыз Капаров;
— Жээнбек Искендеров;
— Елена Клипачева;
— Султан Ажиматов;
— Куттумидин Базаркулов.

3 киши документтерин кайтарып алган:

-Карагач Исмаилова;
-Орозобек Мадинов;
-Марат Кайыпов.

Учурда 48 жаран президенттикке талапкер болууда:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  8. Канатбек Исаев — Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы;
  9. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  10. Кубан Чороев — экономист;
  11. Назарбек Нышанов — активист;
  12. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  13. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  14. Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  15. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  16. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  17. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  18. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  20. Арсланбек Малиев — Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  21. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  22. Бакыт Романов — убактылуу иштебейт;
  23. Курсан Асанов — Ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  24. Бакир уулу Турсунбай — «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  25. Турсунбек Жумабеков
  26. Ербол Токтогулов — иштебейт;
  27. Имамидин Ташов — «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  28. М. Болгомбаев;
  29. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  30. Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын премьер-министри;
  31. Каныбек Иманалиев – Жогорку Кеңештин депутаты;
  32. Акжолтой Тукунов — «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  33. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  34. Айбек Эркетаев — убактылуу иштебейт;
  35. Санжарбек Энназаров — «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  36. Жаныбек Сүйүналиев — убактылуу иштебейт;
  37. Кубанычбек Исабеков — «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  38. Базарбай Темишов — пенсионер;
  39. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  40. Бакыт Керимбеков — КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  41. Бабыржан Тольбаев — «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  42. Адилет Маматов — «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  43. Кубанычбек Токтосунов — убактылуу иштебейт;
  44. Улукбек Кочкоров — убактылуу иштебейт;
  45. Элдар Абакиров — убактылуу иштебейт;
  46. Абдил Сегизбаев — убактылуу иштебейт;
  47. Мирлан Калыбеков — убактылуу иштебейт;
  48. Саматбек Ибраев – Жогорку Кеңештин депутаты.

Copyright © 2017 Maral FM