Биз менен байланышыңыз

«Башмыйзамды өзгөртүү — өлкөнү саясий, экономикалык каатчылыкка кептейт»

Жаңылык , Саясат | 23 Ноя 2020 | 772 | 0

Кыргызстандагы көз карандысыз юристтер тобу Башмыйзамды өзгөртүү аракети өлкөнү юридикалык, экономикалык жактан туңгуюкка алып барарын эскертишүүдө. Мындан улам референдум демилгесин артка кайтарып, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өз мөөнөтүндө өткөрүү талабын коюшту. Долбоорду алып чыккан депутаттар тобунун Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укугу жок экенин да эске салышты.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы Башмыйзамдагы беренелердин күчүн токтото туруу чечими Конституцияга каршы келерин айтты.

«Эгер биз ушундай жол менен конституциялык реформага барсак, бир-эки жылдан кийин кайра эле ушул жолго түшөбүз. Башмыйзамдын бир жеринде да «парламент өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейте алат», же «шайлоо беренелеринин күчүн токтото алат» деп жазылган эмес. Демек, азыркы чакырылыштын иши толугу менен легитимсиз».

Токтогазиева кошумчалагандай, бийлик жана саясий күчтөр азыркы аракетин токтотпой, Башмыйзамды өзгөртө турган болсо, эл аралык мамиледе маселе жаралышы мүмкүн. Себеби конституциялык укук боюнча баа берүүчү эл аралык орган — Венеция комиссиясы Кыргызстандагы кырдаал боюнча корутундусун жарыялаган. Анда Кыргызстандын депутаттары өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, Башмыйзамды өзгөртүүнү колго алгандыгы айтылган. Демек, комиссиянын корутундусун эске албай коюу тышкы байланыштарга олуттуу кедергисин тийгизет.

«Венеция комиссиясынын корутундусу сунуш мүнөзүндө болгонуна карабай, бир да мамлекет алардын корутундусун көз жаздымда калтыра албайт. Эгер аны көз жаздымда калтыра турган болсо, тышкы байланыштарга өтө чоң кедергисин тийгизиши мүмкүн. Мындай нерсе Кыргызстанга да тиешелүү».

Юрист Аяз Баетов Башмыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаган кеңешменин ишмердигине токтолду. Ал азыркы Башмыйзамда мындай кенешме түзүү жөнүндө бир да сөз жазылбаганын айтат. Төрага Бекбосун Бөрүбашев буга чейин кеңешме өз ишин 15-20 күндө аяктаарын билдирген. Баетов буга жооп кылып, Башмыйзамда жаңы долбоор 6 айдан кем эмес аралыкта жүргүзүлөрүн, аны кынтыксыз, кемчиликсиз иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

«5 айда жазылган Конституция 5 жылга жетпей кайра оңдолот. Анан бир жарым айда жазылган Башмыйзам кантип элдик Конституция болсун? Конституциялык кеңешмеге салганы коомдук талкуубу же эксперттик талкуубу? Ачык айтышы керек. Эгер коомдук талкуу болсо, документти өзгөрткөнгө болбойт. Булар элге ачык иштеши керек».

Мурдагы премьер-министр Садыр Жапаров буга чейин өлкөдө алгылыктуу реформаларды жүзөгө ашыруу жана коррупцияны ооздуктоо үчүн конституциялык реформага баруу зарылдыгын айткан. Юрист Таттыбүбү Эргешбаева экономиканы чыңдоого, кадрдык саясатты жакшыртууга азыркы Конституция деле жол берет деген пикирди карманат. Ал Башмыйзамды өзгөртүүгө аракет кылууда башка да максаттар болушу мүмкүн дейт.

«Жаңы келген бийлик коррупцияны жоюу, экономиканы көтөрүү үчүн Конституцияны өзгөртүү керектигин айтты. Өлкөдө абал оор: тышкы карыз, бюджеттеги тартыштык, пандемия. Ушунун баарын жөнгө салыш үчүн Конституцияны өзгөртүү керекпи? Башмыйзамды өзгөртсөк эле ушунун баары чечилип калбайт. Бул элдин үстүнөн манипуляция жүргүзүү. Биз бул нерсеге олуттуу көңүл бурушубуз керек».

Ал эми саясат талдоочу Эмил Жороевдин айтымында, Башмыйзамдын жаңы долбоору элдик курултайды киргизип, президентке көпчүлүк бийликти берүү менен гана чектелип, өкмөттү жетектеген өлкө башчысынын жоопкерчилиги каралбаганын сынга алды.

«Жаңы долбоордо «Эгер президент аткаруу бийлигинин башында турса, өкмөттүн ишмердиги боюнча кантип жооп берет?» — деген суроого жооп жок. «Президент Жогорку Кеңештин алдында жыл сайын кайрылуу жасайт», — деген гана сөз бар. Бул отчет эмес».

Көз карандысыз юристтер бирикмеси «Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылсын, президенттик жана парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсүн, бийлик бутактары мыйзамдарга жараша иш алып барсын деген талаптар менен кол топтоо башталганын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM