Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдө окуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Билим-маданият , Жаңылык | 22 Ноя 2020 | 3208 | 2

Кыргызстанда чет өлкөдө окугусу келген жаштардын саны көп. Айрымдар окуусун аяктап, иштеп жаткан учурда да чет өлкөгө барып кайрадан окугусу келет. Азыркы күндө чет жакта билим алуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана сыртта окуунун артыкчылыктары кандай экенин билип көрдүк.

Акчасы жок, бирок зээндүү балдарды чет өлкөгө акысыз жөнөтүү долбоору башталды

Чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардан билим алууну каалап, бирок ал үчүн каражаты жок жаштар үчүн каржылык колдоо көрсөткөн жаңы уюм түзүлдү. «GEF» (Global Education Foudation) коммерциялык эмес уюму дүйнөдө билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган жаштарга каржылык жардам көрсөтүп, контрагын толугу менен төлөп берет. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов билимге суусаган жаштарды чет өлкөдөн билим алуусуна шарт түзүп, өлкөгө татыктуу кадрларды даярдап берүү негизги максаты экенин айтат.

“Билимге дилгир, мекенчил жаштар абдан көп. Биз аларга чет өлкөдө билим алуусуна шарт түзүп, контрагын, жол кире, жашоо чыгымдарын төлөп берели деп жатабыз. Өлкө учурда кадрдык кризисте турат. Ал үчүн мыкты кадрларды даярдообуз — заман талабы” — дейт Хабиб Арзыкулов

Аталган уюм 2021-2022-окуу жылдарына 50 студентти АКШ, Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу жайларына жөнөтүүнү пландап жатат. Ал эми алардын чыгымын ата мекендик демөөрчүлөр аркылуу чогултмакчы.

Негизи эле Кыргызстанда жыл санап чет өлкөдө билим алууга кызыккандардын саны өсүп жатат. Айрымдар мунун себеби өлкөдө билим берүү сапаты начар болуп, коррупциялык система кенен тамыр жайганы менен байланыштырат. Муну менен катар чет өлкөдө билим алууга түрдүү мүмкүнчүлүктөр да пайда болуп, соңку жылдары чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына гранттык негизде өтүүгө даярдаган бир нече жеке уюмдар да активдүү иш алып барууда. Бишкек мэринин кеңешчиси, шаардагы билим берүү борборлорунун биринин негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов жаштардын чет өлкөдө билим алууга ашыккандыгы жакшы көрүнүш экенин айтат.

“Биздин жаштар чет жактан билим алып келсе мыкты адис катары өлкөгө татыктуу иштеп берет. Мисалы, Казакстанда көп жылдардан бери “Болашак” программасы  иштеп келе жатат. Алар өзүнүн жаштарын чет өлкөдө билим алуусуна шарт түзүп берет. Окуусун аяктаган соң сөзсүз түрдө мамлекетке иштеп бериши керек. Биз дагы ушундай долбоорлорду колго алуубуз зарыл. Чет өлкөдө билим алуунун артыкчылыктары абдан көп. Биринчиден, билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдө коррупция, сынактарды акча менен бүтүрүү жок. Жетиштүү упайларды топтоо үчүн бар күчүңду жумшап окуйсуң. Сабак берүү ыкмалары заманбап, чыныгы адистерди тарбиялайт” — дейт Нурсултан Кубанов.

Англис тилин билүү — четте окуунун чоң мүмкүнчүлүгү

Ушул сыяктуу иштер менен алектенгендердин дагы бири — Алтынбек Бегалиев. Ал Кыргызстанда били берүү тармагы кризисте экенин, жаштардын чет өлкөлүк окуу жайлардан билим алуусу маанилүү деп санайт. Бегалиев кыргыз жаштары биринчи кезекте англис тилин мыкты өздөштүрүп, аны менен чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайларында акысыз окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтат.

-Чет өлкөдө билим алуу өтө эле кымбатка турат. Ошол эле маалда көпчүлүк чет өлкөлүк окуу жайлар гранттык, стипендиялык орундарды да сунушташат. Гранттык орундарга өтүү үчүн даярдык мыкты деңгээлде болушу керек. Аглис тилин мыкты өздөштүрүү керек. Андан тышкары Германия, Чехия, Австрия, Кытай, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерде өзүнүн тилин үйрөнүү менен бюджеттик орундарда билим ала алышат. Технологиянын өнүккөн маалында маалыматтарды издеп таба билүү маанилүү”-деди Алтынбек Бегалиев.

Ал чет өлкө окуу үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылды. Алардын өтө кеңири жайылгандары Германиянын өкмөтүнүн DAAD, АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган IREX, FLEX жана жапон мамлекетинин JICA (Japan International Cooperetion Agency) программасы. Ошондой эле көптөгөн жеке фонддор, корпорациялар, эл аралык уюмдар өнүгүп келаткан өлкөлөргө ар кандай стипендияларды берет.

Чет өлкөдө окуганда жоопкерчилик жана мотивация пайда болот

Самат Эргешмамет уулу да жогорку окуу жайда алмашуу программасы аркылуу Жапонияда жана Түркияда окуп келген. Ал сыртта окуган адамда мотивация жана жоопкерчилик жогору болорун эске салды. Ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдө окуган адам билим берүүдөгү акыркы тренддерден кабардар болуп, көз караш да өзгөрөт деген ойдо.

“Чет өлкөгө атайын барган соң бүткүл оюңду окууга коесуң. Окууга болгон жоопкерчилик да чоң. Билим сапаты да жогору. Андан тышкары, ар бир өлкөдөн кыйын, тандалып келген эң мыкты студенттер келишет. Алар менен бирге окуйсуң, баарлашасың, өзүңдү салыштырасың. Ошону менен чоң атаандаштыкка туруштук бересиң, дүйнө тааным кеңейет”,-дейт Самат Эргешмамет уулу.

Билим берүү жана илим министрлиги да жыл сайын кыргызстандык студенттердин чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алуусуна шарт түзүп келет. Министрлик былтыркы жылы Орусия, Корея, Кытай, Египет жана Түркия сыяктуу 20га жакын өлкөлөдүн окуу жайларына келишимдин негизинде билим алууга жөнөтө алган. Мындай өнөктүк быйылкы жылды да болуп жатат. 2021-2022-окуу жылдарына министрлик кыргызстандык студенттердин Бельгия Королдугунда стипендиялык программа боюнча билим алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялады. Ошондой эле келерки окуу жылына чейин мындай мүмкүнчүлуктөр дагы келери күтүлүүдө.

2 пикир

2 пикир

  1. Нурийла

    26.02.2021 10:06

    Ало саламатсыздарбы чет олкого окууга кантип барса болот айтып коюнуздарчы сураныч.

  2. Нурбубу

    22.06.2021 10:38

    Чет олкого 2021-жылдын сентябрь айына чейин окууга жоносо болобу?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM