Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлдү

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 20 Ноя 2020 | 1222 | 0

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлүп, тизме — https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылган.

19-ноябрдан тарта алдын ала тизме бардык шайлоо участокторунда илинди. Шайлоо тилкелеринин саны азыркы учурда 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 тилке бар.  

10-ноябрга карата шайлоочулардын саны 3 млн 544 миң 403 жаран. Алардын ичинен эркектер  47,77 пайыз, аялдар 52,23 пайыз. 

Октябрда болгон шайлоого салыштырганда, бул жолу шайлоочулардын саны 20 миң 849 адамга көп. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого караганда 264 миң 473 адамга, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 миң 257 кишиге көбөйгөн.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын көбөйүшү, калктын санынын өскөнүнө, биометрикалык маалыматтарды топтоо туруктуу болгонуна, ошондой эле чет мамлекеттердеги жарандардын уюмдары менен иштешүүлөрүнө байланыштуу экенин айтууда. 

19-ноябрдан 29-декабрга чейин  жарандар өздөрүн төмөнкү даректерден текшере алышат:

  • шайлоо участогуна келүү;
  • «Тизме» — https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан;
  • 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз);
  • 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо, же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 29-декабрга чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрыла алышат.

Добуш берүү күнү чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар 29-декабрдын кечине чейин дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып, ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, шайлоо участогунда добуш берүүгө каалоосун билдирет.

Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле «Тизме» порталындагы шайлоочунун бөлмөсү аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. 

Copyright © 2017 Maral FM