Биз менен байланышыңыз

Шайлоо алдындагы шашылыш ырайым

Саясат , Шайлоо-2021 | 20 Ноя 2020 | 354 | 0

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 18-ноябрда расмий сайтына жарыялады.

Маалымат кызматынын билдиришинче, ЖАМК 1800дөн ашуун кайрылууну Президентке караштуу Ырайым кылуу комиссиясына жөнөткөн. Натыйжада, президенттин милдетин аткаруучунун ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык, абак жайларынан 230 адам бошотулду. Ал эми 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков 230 адамга ырайым берилишин аша чапкандык катары баалайт. Анын айтымында, Кыргызстандын тарыхында буга чейин 200дөн ашык адамга ырайым берүү болгон эмес, мындай массалык ырайым биринчи жолу катталып жатат.

«Биринчи кезекте кимдерге берилгендигине караш керек, кайсы берене менен соттолгон, киши өлтүргөнбү, зордуктаган адамдар барбы, карактап тоногон адамбы, ошолордун баарына караш керек. Бирок, президенттин милдетин аткаруучу катары колунда ырайым бергенге укугу бар. Президенттик Аппараттын алдында комиссия бар, кимдерге берилсе боло тургандыгын карап көрүп беришет. Бирок, 230 адамга ырайым кылуу аябай көп. Акаев, Бакиевдердин убагында да болгон эмес».

Ырайымды эч качан топ-тобу менен бербей, ар бир адам изилденип чыккандан кийин гана берилиши керектигин, бирок мынча адамдын ар бирин жекече изилдеп чыкканга качан үлгүргөнү таң калыштуу болуп жатканын айтат коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов. 

«Ырайым берген адам ошол жерде жатып келди, алардын абалын көрдү. Бирок массалык түрдө ырайым берүү биринчи жолу болуп жатат. Комиссия ар бирин бирден карап чыгуусу керек. Кылмышкердин кылган кылмышынын оордугуна, абакта өзүн кандай алып жүргөнүнө жараша ар бирин жекече карап, кылдат изилдеп чыккандан кийин гана берилет». 

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова ырайым берилгени жакшы, бирок мыйзамдын чегинде, кийин кайра каралбай тургандай ачык-айкын болушу керек деген пикирде. Ал белгилегендей, жабык, шашылыш кабыл алынган ырайымга ага туура келбеген жарандар да туш болуп калышы мүмкүн.

«Кандай иш жасалбасын, мыйзамдын чегинде каралышы керек. Мыйзамдын түп нускасы бар, аткарылуу процедурасы бар. Канча киши бар, кимге берилет, баары ачык-айкын жасалышы керек. Ошол эле учурда президенттин милдетин аткарып жаткан учурда кол койгондордун баарын мыйзамдуулукта караш керек. Кийин бул иштин үстүнөн башка бирөө мыйзамсыз болгон деп айтпашы керек. Анткени шашылыш, жабык, эч кимге айтпаган ырайымдын ичинде ага туура келбеген кишилер туш келип калышы мүмкүн. Ырайым берүү жакшы эле нерсе, бирок азыркы күндө түрмөдөн чыга калып эле, «мынакей» деп атат. Мен көптөгөн кишилерди көрүп жатам, «Садыр келбесе дүнүйөсү куруп калчудай» болгон ата-энелерди көрүп жатам. Өзү амнистия бере турган мамлекеттик институт, ага караган комиссия бар. Буга чейин бул аябай оор процедура болуп, оңой менен ырайым бербей жүрүп, анан ал түрмөдөн чыга калып, «Ооба, мына!» деп жатат. Мен да түшүнөм, түрмөдө аябай көп кылмышы далилденбеген, жактоочусу тажрыйбасыз болуп отургандар бар. Албетте алар чыгыш керек, бирок азыркыдай ыкмалар менен эмес. Азыр бардык нерсе шайлоого багытталып, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, төңкөрүшкө бара турган жолдордун бири  болуп жатат».

Бүгүнкү күндө ырайым берүү боюнча маалыматтардын көбү жабык болуп, билинбей турганы менен убагы келгенде ошол боюнча да көптөгөн пикирлер айтыла турганын генерал-майор Артур Медетбеков маалымдады.

«Ырайым берүү — ар бир мамлекеттин демократияга умтулганы. Ушунун тарбиясынан кийин кылмыштуулукка барбайт деп көп учурда берилет.  Эми чыгып келгендер өзүн кантип көргөзөт, кантип алып жүрөт, турмуш көрсөтөт. Ар бири боюнча ишин карап аныктама, тактама, мүнөздөмө чогултуу керек. Ачыгын айтуу керек, бул — өтө татаал, өтө көп убакытты талап кылган процесс. Ошондуктан бул жерде ырайымдуулук тизмесин даярдаган адамдар шашылыш иш жасап койду деп ойлойм. Шашылыш жасалган иштер кандайдыр бир чуулгандуу окуяларга алып келиши мүмкүн.Чуулгандуу окуялардын бири — мурдагы президент Атамбаевдин мыйзамдагы ууру Батукаевди чыгарып жибериши. Ошондуктан тарыхтан сабак алыш керек».

Буга чейин Жапаров майда кылмыш кылып, же адилетсиз өкүм менен камалып кеткендерге жана балалуу аялдарга ырайым берилерин айткан. Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, киши өлтүргөндөр жана бир нече ирет кайталап кылмыш кылгандар жазасын толук өтөшү керектигин белгилеген.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500дөн ашык адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM