Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кубаныч Абдисалам уулу Бахрейнде мушташат

Кыска кабар , Спорт | 19 Ноя 2020 | 390 | 0

Кыргызстандын аралаш мушташ мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу кезектеги беттешин бүгүн, 19-ноябрда өткөрөт.

Кыргызстандык мушкер Бахрейндеги «BRAVE CF-45» турниринде мушташат.

Бул турнир 12-ноябрда өтүшү керек болчу, бирок Бахрейндин премьер-министринин каза болгондугуна байланыштуу убактысы жылдырылган. Ошол турнирде Молдовадан келген Валериу Мирчеу (25-6-1) Абдисалам уулунун Кубанычбектин атаандашы болмок.

Турнирдин датасы өзгөргөндөн кийин, кыргызстандык оюнчу атаандашын алмаштырды. Эми Абдисалам уулу азербайжандык Фагиф Аскеров менен мушташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM