Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Шайлоолорду өткөрүүгө жарым млрд сом бөлүнгөн

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 19 Ноя 2020 | 612 | 0

Кыргызстанда алдыдагы шайлоолорду өткөрүүгө жарым млрд сом акча бөлүнгөн. Бул тууралуу басма сөз жыйында президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов кабарлады.

Анын ичинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө, референдум жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 2020-жылдын бюджетинен 500 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүн президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов басма сөз жыйынын куруп, шайлоого даярдык жөнүндө айтып берди.

Анын маалыматында бул шайлоо ички бюджеттин эсебинен өткөрүлөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM