Биз менен байланышыңыз

Конституция: Сот бийлиги да президенттин «кол баласы» болот

Саясат | 18 Ноя 2020 | 930 | 0

Башмыйзамдын жаңы долбоору президенттик институт менен элдик курултайды киргизип, президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелип калган. Мындай пикирлерин билдирген саясий чөйрөнүн өкүлдөрү бул кадамды бийликти бир кишинин колуна чогултуу аракети катары сындашууда.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын демилгеси менен Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын негизинде, конституциялык референдум 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүлөт. Буга байланыштуу саясатчылар, саясат талдоочулар өлкөдө бийлик алмашып жаткан учурда мындай кадамга баруу чоң катачылыктарга жол ачарын, мунун зарылдыгы жок экенин айтышат.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ишенбай Кадырбеков жаңы Конституцияны иштеп чыгып сунуштоодо регламент сакталбаганын сынга алды. Себеби Башмыйзамды даярдап, парламент аркылуу өткөрүү жараяны бери дегенде эле 6 айды талап кылат.

«Конституциялык реформаны өткөрөм десең, анда өзүң бүгүнкү күндө иштеп жаткан Конституцияны бузбашың керек. Бүгүнкү Башмыйзамдын талабы боюнча, аны өзгөртүү үчүн алты ай талкуудан өтүшү керек. Ал үч окууда, ар бир окуу 2 айдан кем эмес аралыкта каралуусу керек. Юридикалык экспертизадан өтүшү зарыл». 

Муну менен бирге, ар бир жаңы келген бийлик өзүнүн жаңы Конституциясын сунуштай бергени туура эмес экенин айтып, мындай саясий туруксуздук өлкөнү саясий, экономикалык жактан артка тартарын белгилейт.

«Кандай гана Конституция кабыл алынбасын, Кыргызстанды оңдой албайт. Ушуга чейин белгиленген талаптарды одоно бузуп келдик. Анын талаптарын сыйлап, баш ийбегенден кийин аны ишке ашыруунун зарылчылыгы жок».

Долбоордун негиздемесине таянып айтсак, көпчүлүк өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу. Мисалы, жаңы Башмыйзамда президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана өлкөнүн аткаруу бийлигин жетектейт. Ошондой эле мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайланууга укуктуу. Кызыгы, долбоордун орус тилде жазылган вариантында бул берене 1 мөөнөткө деп белгиленген. Президент өкмөттү гана башкарбастан, министрлерди, комитет жетекчилерин түздөн-түз кызматка дайындоого же кызматтан бошотууга мүмкүнчүлүк алат.

Саясат талдоочу Эмил Жураев Башмыйзамдын негиздемесинде иштеги кемчиликтери үчүн өкмөттү жетектеген өлкө башчысынын жоопкерчилиги каралбаганын сынга алды.

«Жаңы долбоордо «Эгер президент аткаруу бийлигинин башында турса, өкмөттүн ишмердиги боюнча кантип жооп берет?» — деген суроого жооп жок. «Президент Жогорку Кеңештин алдында жыл сайын кайрылуу жасайт», — деген гана сөз бар. Бул отчет эмес». 

Жаңы долбоордун дагы бир беренесинде президент мыйзам долбоорун иштеп, Жогорку Кеңешке сунуштай алары жазылган. Ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды жаңы түзүлүп жаткан элдик курултай институту жактырбай, артка кайтарууга шарт түзүлөт. Бул жагдайды Эмил Жураев Жогорку Кеңешти элдик курултай деген атка жамынган президенттик институт аркылуу түздөн-түз көзөмөлдөп туруу катары карайт.

«Курултай деген жаңы институтту киргизип коюшкан. Анын иши да, мааниси да жок, анткен менен керектүү демилгелерди президентке уюштуруп берүүчү курал болот. Ал үстөмдүк кылган бийликке жагымдуу шартты түзүп берген гана орган болуп калат«.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, Башмыйзамдын жаңы долбоору президенттик институт менен элдик курултайды киргизип, президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелип калган.

«Жаңы долбоор боюнча Жогорку Кеңеш иш жүзүндө жокко чыгарылат жана нотариус катары эле колдонулат. Курултай эч нерсени чечпейт. Аларды жылына бир жолу чакырып, чай берип кое турган системага өтүп жатабыз. Бул жол бизди артка тартат».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Конституциянын өзгөрүүсү менен келген жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбай коюусу мүмкүн деген ойдо. Анткени конституциялык реформаны ишке ашырууда регламенттер сакталбай калган, демократиялык баалуулуктар, адам укуктары эске алынган эмес. Кокус өзгөртүү ишке ашса, соттордун президентке көз карандылыгы да жогорулайт.

«Жаңы долбоор боюнча Жогорку Кеңештин үстүндө курултай институту турат. Анын үстүндө — президенттик институт. Бул бийликтеги тең салмактуулукту бузат. Андан соң сот бийлиги түздөн-түз президенттин «кол баласына» айланат. Ал эми өкмөт башчыны президент дайындаса, Жогорку Кеңештин депутаты ага суроо бере албайт. Жогорку Кеңеште 90 депутаттын болушу анын көз карандылыгын ого бетер жогорулатат. Ошентип эл аралык коомчулук бул Конституцияны тааныбайт. Анткени мунун талкууланышы, жаралышы, кимдер демилгечи болгону белгисиз жана аны кабыл алуу регламенти сакталган эмес», — деди Каныбек Иманалиев

Иманалиев президенттин укуктарын кеңейтүү менен парламенттин укуктары кескин кыскарып кеткенин сынга алды.

Долбоордо айтылгандай, мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринин санын оптималдаштыруу үчүн өкмөттүн иши президенттин администрациясы тарабынан камсыз кылынат. Ошондой эле президент өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда ал милдетти жаңы президент дайындалганга чейин өкмөт башчысы аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM