Биз менен байланышыңыз

«Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзамдар келечекте талаш жаратат»

Кыска кабар , Саясат | 17 Ноя 2020 | 1062 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү мыйзам боюнча 28-октябрда аяктаган. Мындан улам, бул датадан кийин кабыл алынып жаткан мыйзамдар жана чечимдер келечекте талаш жаратып, териштирүүгө негиз болушу ыктымал. Мындай пикирин «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова билдирип, парламент чыгарган 28-октябрдан кийинки чечимдердин юридикалык күчү жок экенин эскертти.

«Жогорку Кеңештин депутаттары Конституция боюнча 5 жылга эле шайланат. Депутаттар азыркы учурда пикирин билдирип турганга укугу бар. Бирок, мыйзам чыгарганга укугу жок», — дейт Чолпон Жакупова

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ыйгарым укуктары Башмыйзамдын 70-беренесине ылайык токтогону менен депутаттар 71-беренеге таянып, өздөрүнүн иштөө мөөнөтүн узарткан. Ошондой эле президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү берене күчүн токтотуп, парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Мындан улам Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да конституциялык мыйзамдардын аракетин токтотуу одоно катачылык болгонун, парламент кабыл алып жаткан мыйзамдар жараксыз экенин айтат.

«70-71-беренелердин ортосунда тыгыз байланыш бар. Аны бөлүп кароого болбойт. Өлкөдө легитимсиз органдар иштебеши керек. Себеби алардын жасаган иштери боюнча кийин талаш-тартыш, шек пайда болушу мүмкүн. Азыр парламент каалагандай иш жүргүзүүдө. Мыйзам кабыл алууда бир да процедура сакталган жок. Коомдук талкуудан да өтпөй жатат», — дейт Клара Сооронкулова

Анын айтымында, азыркы кабыл алынып жаткан чечимдер эл аралык келишимдерди аткарууда да өлкө үчүн кедергисин тийгизет. Сооронкулова Евробиримдик Кыргызстанда санариптешүүгө багытталган 6 миллион евро өлчөмүндөгү каражатты кийинки жылга калтырганын дал ушул парламенттин акыркы кадамдары менен байланыштырат.

«Алардын ишине байланыштуу азыртан эле маселе жаралды. Европа Биримдиги бөлүнө турган акчаны токтотуп койду. Алар: «Парламенттик шайлоону өткөргүлө, легитимдүү өкмөттү түзгүлө, андан соң иштешебиз», — деп жатат. Убактылуу, легитимсиз бийлик менен эч ким сүйлөшкүсү келбейт»,  — дейт Сооронкулова

Сооронкулованын бул пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев да бекемдейт. Анын айтымында, өлкөдө мөөнөтү бүткөн парламенттин иштеп туруусу экономикага да олуттуу зыянын тийгизип, айрыкча ири гранттардын келүүсүн солгундатат.

«Мунун экономикалык кесепетин бийлик сезбейт жатат. Азыр эл аралык келишимдер токтойт. Жаңы парламент келмейинче Дүйнөлүк Банк, Европа банкы акча бербейт. «Парламент майда шайланып келсе, сентябрда ишин баштайт. Ал келишимдеги каражат сегиз ай өткөндөн кийин, дааналап айтканда, 2022-жылдын апрелинде гана келиши мүмкүн. Андан кийин жети ай тендер өтөт. Демек, биз эл аралык каржы уюмдарынан келчү каражатты эки жыл кеч алып калабыз. Бул — болжолу 700 млн доллар. Бүгүн казынада 400 млн доллар жетишпейт. Булар парламенттик шайлоону гана ары жылдырбастан, легитимдүү бийликтин келишин, бизге келүүчү инвестицияларды да ары жылдырды. Легитимдүү бийлик орномоюнча, инвестиция келбейт», — деди Каныбек Иманалиев

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 28-октябрда парламент мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алганын айтып, мөөнөтү, регламенти сакталбай жатканын, долбоорлор коомдун талкуусуна коюлбаганын сындаган. Бекешев мындай шашылыш кабыл алынып жаткан мыйзамдар парламенттин эл менен эсептешпегенинен кабар берет деген пикирде.

«Бизде акыркы мезгилде мыйзамдар топ-тобу менен кабыл алынып кетти. Алар коомдук талкууга коюлган жок. Эл кандай мыйзам кабыл алынып жатканын билип турушу керек да». 

Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматы бул айтылгандарды четке кагып, айрым мыйзам долбоорлору 2-3 айдан бери мекеменин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылганын маалымдады. Бирок, шайлоо мыйзамдарына байланыштуу долбоор бир күндө үч окуудан өткөнү боюнча комментарий берген жок.

Саясат талдоочулар: «Ушул VI чакырылыш утурумдук бийлик демилгелеп жаткан Конституцияны өзгөртүүгө бел байлайт», — деп кооптонот. Эгер мындай кадамга бара турган болсо, анда бул чакырылыштын моралдык жана мыйзамдык жоопкерчилиги чоң күмөнгө жол ачарын эскертишет.

Copyright © 2017 Maral FM