Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 400 тонна техникалык туз себилди

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 398 | 0

17-ноябрдын таңында Бишкектин көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо үчүн болжол менен 413 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө 38 бирдик атайын техника тартылып, жол тейлөө бөлүмүнүн 25 кызматкери иш алып барат.

Бишкек шаарында штаттык режимде калааны тазалоо үчүн 662 короо шыпырган кызматкер, 118 жүктөгүч, 28 көрктөндүрүүчү, жол тейлөө бөлүмүнүн  кызматкерлери жана таштанды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган бригада иштеп жатат.

Шаарды муздан, кардан тазалоо тынымсыз уланат.

Жолдорду, тротуарларды кардан жана муздан тазалоого байланышкан маселелер боюнча калаанын кол-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу байланышууга болот, ал эми сүрөт жана видеолорду 0554 182 185 номерине жиберүү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM